Саясат
Япониядан коронавирусту аныктай турган 2 миң тест келди

Бүгүн, 17-мартта, Кыргызстанга Япониядан коронавирусту аныктай турчу 2 миң тест келгенин вице-премьер Алтынай Өмүрбекова брифингде билдирди.
“Кытай дагы тест системасы боюнча жардам беребиз деп жатышат. Биз дагы башка мамлекеттерге кайрылабыз, анын ичинде Түштүк Кореяга дагы. Стратегия бар. Бизге оңой болот, себеби, башка мамлекеттердин тажрыйбаларын көрдүк”, — деди ал.
Өмүрбекова акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда коронавируска катталбаганын айтты жана обсервацияда 321 киши жатканын билдирет.
Abal.kg


