Коом
Россиянын өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчукка Достук ордени берилди

Мындай чечимди Садыр Жапаров кабыл алганын минкаб башчысы Касымалиев Оверчук менен болгон жолугушууда билдирди.
Ал Оверчуктун кыргыз-орус кызматташтыгын чыңдоого кошкон жеке салымын белгилеп, соода жүгүртүүнүн динамикалуу өсүшүн жана Россиядан чет элдик инвестициялардын түз агылып келишин белгиледи.
Өз кезегинде Оверчук сыйлык үчүн ыраазычылык билдирди.
@abal-kg



