Коом

Улуттук гвардиянын кызматкерлери Беловодскийдеги балдардын психоневрологиялык мекемесине жардам беришти

Ден — соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоого арналган Эл аралык майыптар күнүнө карата Улуттук гвардиясынын аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары Беловодскийдеги балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө аскер кызматчылар Улуттук гвардиясынын жалпы өздүк курамынын атынан балдарга азык-түлүк жана башка керектүү тиричилик буюмдарын тапшырып, аларга кубаныч, жагымдуу маанай тартуулап, балдарга чың ден соолук, жакшылык жана тынчтык каалашты.


Соңунда мекеменин директору Д.Алимжанова көрсөтүлгөн материалдык жардам үчүн аскер кызматчыларына ыраазычылык билдирди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button