Коом

Камчыбек Ташиев УКМК кызматкерлерине жумуш жакпаса өз арызы менен кете берүүнү сунуштады

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев УКМК кызматкерлерине эгерде жумуш шарты жана иштөө жакпаса өз каалоосу менен арыз жазып кете берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн Кызыл-Кыя шаарындагы жолугушууда билдирди.

«Сиздерге шарт түзүлдү, ушундай шарт менен да мыйзамдарды бузуулар улантыла берсе, ишиңердин натыйжасы болбосо же кимдир бирөө кылган ишине нааразы болсо, анда мыйзам эл алдында мыйзамдуу жооп бересиңер. Урматтуу, УКМК кызматкерлери, таза иштешиңер керек, элге мыйзам алкагында ачык кызмат кылгыла. Элге кызмат кылуу — мыйзамдуу сактоо», — деди ал.

Ошондой эле ал өлкөдө билимдүү, чынчыл жаштар көп экенин, алар патриот болуп УКМКда иштөөнү каалай турганын белгиледи. Ошондуктан, ал УКМКнын учурдагы кызматкерлерин жумушун кармап калууга жана аны баалай билүүгө чакырды.

«Сиздер жаман иштеген жоксуздар, жакшы иштеп жатасыздар, бирок ага карабай биз талапты күчөтүшүбүз керек. Бул кайсы бир жетекчи келип, сизди кызматтан алып салат, иликтөө жүргүзөт, жазалайт дегенди билдирбейт. Өзүңөрдү өзүңөр тарбиялагыла. Көзөмөлдөгүлөр. Ар бириңер билимдүү, мыкты кызматкерсиңер. Катарыңарды жаш кадрлар толуктаганда аларга иштөө ыкмаңарды үйрөткүлө. Жаштар үчүн үлгү болушуңар керек», — деди Ташиев.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button