Коом
Депутат Эльвира Сурабалдиева коомдук жайларга беткапсыз чыккандарга макулбу?
КСДП партиясынын өкүлү депутат Эльвира Сурабалдиева фейсбук баракчасына элди бет капсыз жана салык кызматынан маалым катсыз жүргөндөргө айып пул салууну “бул болбогон келжиректик” деп жазды.
“Мэрге чалып байланыша албай койдум. Бирок өкмөт менен президенттик аппараттагы жоопкер адамдарга мындай кадамдар ачка жана жинденген элдин толкундоолоруна алып келиши мүмкүн экенин айттым. Бул маразмдын жокко чыгышын комитетте талап кылам”,- деди ал.
Сурабалдиева беткаптан мурда жарандар коомдук жайларда дистанцияны сактоо керектигин жазган.

Abal.kg