Саясат

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев той-топурду тыюу салууга чакырды

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев элди карантинден кийин дагы той-ашка ыксыз чыгым болбой, акчаны жашоо шартын жакшыртканга жумшоого чакырды. Бул тууралуу ал брифинг учурунда билдирди.

Ошто коронавируска чейин дагы ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча муфтият өкүлдөрү менен жыйындар болуп келген.

«Мурда Кыргызстанда эле эмес башка мамлекеттерде да ыксыз, обу жок чыгымдар көбөйүп кеткен. Азыр карантинге байланыштуу жакшылыктар токтоп, тажия, жаназага аз киши туруп калды. Эми карантинден чыктык деп кайра элдин көп болуп чогулуу коркунучу болуп жатат. Алдыда Айт майрамы дагы келе жатат. Вирусту бир киши бир нече адамга тарата турганын эстен чыгарбай, коопсуздукту ойлойлу. Экинчиден, ошол чыгымдарды жашоо шартыбызды жакшыртууга, балдардын билимине, ден соолукту чыңдоого, өзүбүздү өнүктүрүүгө жумшоого чакырам», — деди Оштун жетекчиси.

Узарбек Жылкыбаев ишкерлер дагы той-ашты күркүрөтө өткөргөндү токтотсо, карапайым калк алардан үлгү аларын да айтты.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button