Кыргызстандык дарыгер анестезиолог-реаниматолог Чынара Жантөшова алтын виза алды

Дубайдагы (БАЭ) «Rashid Hospital» мамлекеттик ооруканасынын интенсивдүү терапия бөлүмүндө кыргызстандык дарыгер, анестезиолог-реаниматолог Чынара Жантөшева көп жылдан бери эмгектенет.
Ал Бириккен Араб Эмиратынын өкмөтүнүн атынан көп жылкы эмгеги үчүн, талыкпаган мээнети жана COVID-19 эпидемиясы менен күрөшүүдө жогорку деңгээлдеги профессионалдуулугу үчүн 10 жылдык алтын «Резидент виза» алды.
Медицина багытындагы 212 дарыгердин ичинен мекендешибиздин мындай чоң сыйлыкка ээ болушу БАЭнын Вице-президенти жана премьер-министри, Дубайдын башчысы, улуу урматтуу шейх Мохаммед бин Рашид Аль Мактумдун чечими менен чыккан.
Белгилей кетсек, алтын Резидент визасы БАЭда 10 жылдан ашуун өзгөчө ишмердүүлүгү менен белгиленген дарыгерлер, илим жана технология багыты боюнча эмгектенгендер жана ири инвесторлорго гана тапшырылат.
Бириккен Араб Эмираттарынын Covid-19 тутумунун алдыңкы катмарында иштеген дарыгерлердин иш-аракеттери үчүн 10 жылдык алтын резиденттик визасы менен сыйланышат деп эч качан айтышкан эмес.

Рашид ооруканасынын реанимация боюнча адиси Чынара Жантөшева муну берешен белек катары сыпаттады.
Маалымат «Дубайдагы кыргыздар» коомунан алынды.