УКМК: Контрабандалык товарларды өткөрүүгө аракет жасаган Өзбекстан жараны кармалды — ФОТО

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз борборунан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде КР УКМК тарабынан жалпы суммасы 47 278 780 сомдук эл керектөөчү товарларды «Кадамжай-автожолу» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Өзбекстан Республикасына алып келүүнү көздөгөн Өзбекстан Республикасынын «Ж.Ф.Х.» аттуу жаранынын аткезчилик ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
Аталган фактынын негизинде 2023-жылдын 2-июлунда КР УКМКнын Баткен облусу боюнча тергөө бөлүмү тарабынан Өзбекстан Республикасынын жараны «Ж.Ф.Х.» карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.
2023-жылдын 5-декабрында Кадамжай райондук сотунун чечими менен товар жана жүк ташуучу унаа мамлекетке конфискацияланып, Өзбекстан Республикасынын жаранына 150 миң сом өлчөмүндөгү айып салынган. Мыйзамсыз аракеттерге көмөктөшкөн көзөмөл-өткөрүү пунктунун кызматкерлерине карата өзүнчө ачылган кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.








