Коом
Коронавирус. 43 адам жуктуруп алганы аныкталды, Бишкекте көп катталууда

Бүгүн, 21-майга карата Кыргызстанда дагы 43 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, жаңы бейтаптар:
Бишкек — 22,
Ош шаарында- 5,
Нарын — 8,
Ош — 4,
Баткен – 2
Чүй облустарында – 1
Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1313 адамга жетти. Акыркы суткада 19 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.
Abal.kg