Коом
Кыргызстанда автоунааларга жаңы техникалык паспорт берилип баштады

Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары Бообек Салимжанов интернет аркылуу берилген суроолорго жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, буга чейин айдап жүргөн автомашиналардын техникалык паспортун алмаштыруунун кажети жок.
«Ал эми жаңы автоунаа сатып алгандарга жаңы типтеги техникалык паспорт берилип жатат», – деди.
Андан сырткары азыр колдонулуп жаткан мөөнөтү качан бүтө турганы белгиленбеген күбөлүктөр Кыргызстандан тышкары аймактарда, тагыраагы, чет өлкөгө чыкканда жарабай турганын билдирди.



