Ирандыктар шок болушууда: атасы уктап аткан кызынын башын кесип салган

Ирандын массалык маалымдоочу каражаттары, 13 жашар кыз Ромина Ашрафи уктап атканда, атасы анын башын кесип салганын жазышты. Анткени ал кызын намыстанып өлтүргөнү айтылат. Аталган кылмыш Гилян түндүк провинциясынын Талеш шаарында болгонунун «Аль-Арабия» телеканалы да билдирди. Бул туурасында 27 -майда EurAsia Daily маалымдады.
Кызын өлтүргөн атасы кармалып, камакка алынды, деп билдирген мамлекеттик IRNA маалымат агенттигине Талештин мэри. «Бул иштин аки-чүкүсү сот процессинен кийин айтылат» деп кошумчалаган. Курман болгон 13 жашар Ромина Ашрафи, сүйүп калган кишисине турмушка чыгууга атасы уруксаат бербей койгондон кийин, үйүнөн качып кеткен, деп жазат жергиликтүү пресса. Кыздын арзыганы 35 жаштагы эркек болгон. Полиция кызды таап, кайра үйүнө алып келип, ата-энесинин колуна тапшырып берген. А кыз уктап атканда атасы орок менен анын башын кыя кесип салган.
Abal.kg


