Коом
Аквапарк ишке кирди, балдар бассейнде сууга түшүүдө (видео)

Бүгүн балдардын эл аралык күнүнө карата Кыргызстандын баардык аймактарында мурдагыдай оюн зоок, бекер балмуздак, таттуу конфеттер берилбесе да онлайн куттуктоолор, Президенттен белектер берилүүдө.
Балдардын биринчи каникул күнүндө Бишкектеги айрым оюн зоок тармактар ишке кирди. Бүгүн балдардын күнүнө карата борбордогу Аквапарктын ачылышы болуп, балдар бассейндеги сууга түшө баштады.



