Коом

Сулайман-Тоону реставрациялоого донорлор 12,5 миллион доллар берет

Сулайман-Тоону реставрациялоого донорлор тарабынан 12,5 миллион доллар бөлүнүүдө. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Маданият министри Мирбек Мамбеталиев билдирди.

Ал депутат Уланбек Жаанбаев Сулайман-Тоонун азыркы абалы канааттандырарлык эмес экенин жана жаратылыш эстелиги жаңылоого муктаж экенин айткан соң жооп берди.

Министрдин айтымында, Дүйнөлүк банк жалпы 16 миллион доллар бөлүүдө. Анын 12,5 миллион доллары Сулайман-Тоону реставрациялоого, калган каражат Өзгөндөгү мунаранын жанынан музей курууга жумшалат.

«Реставрация иштери ЮНЕСКО менен макулдашуу процесстерине байланыштуу созулуп кетти. План боюнча бир айдын ичинде жарыктандыруу системасы толугу менен жаңыланып, үңкүр музейи оңдолуп, тоонун айланасы көрктөндүрүлөт.

Тоонун төмөнкү бөлүгүнө жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт. Ошондой эле тоо этегиндеги эски мончолор реставрацияланып, жарандар үчүн музей катары пайдаланууга берилет», — деди Мирбек Мамбеталиев.

Тектеш кабарлар

Back to top button