Сейтек Атамбаев: “Форумдун” жанындагы “бункерде” мен-мен дегендер шоопурдун оозун карап, качан бизди кабыл алат деп күтүп отурчу

Сейтек Атамбаев ютуб-каналдардын бирине берген маегинде атасы Алмазбек Атамбаев жөнүндө айтып жатып, бир топ кызыктуу нерселерге токтоду.
«Медиафорум» деген бар, ал азыр камакта. Ошол жерден Сооронбай Шариповичти бир да жолу көргөн жокмун мен, ишенесиңерби? Ал жерде «Медиафорумдун” жанында атамдын экинчи офиси бар, президенттиккке чейин эле. Анын каймана аты бар – бункер. Билген кишилер билет. Бункер сыяктуу коопсуздугу сакталган. Ошол жерде атам отурчу. Атамдан кийин ошол жерде шоопур отурду. Анан ошол жерде мен деген кишилер жыйылып турчу, шоопурдун оозун карап, качан бизди кабыл алат депчи. Сооронбай Шарипович ошол жерде аз эле мөөнөт отурду, президенттикке талапкер болгондо, андан кийин кетти”, — деди Сейтек Атамбаев.
Эскерте кетсек мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейтек Атамбаев атасы жана атасынын айланасындагы адамдар тууралуу бир топ фактыларды айтып, ютуб каналдардын бирине маек берген.
Abal.kg