Коом

Өлкөдө кышкы туристтик сезон 17-декабрда расмий ачылат

Кыргызстанда 2022-2023-жылдардын кышкы туристтик сезону 17-декабрда расмий ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, расмий иш-чара «ЗИЛ» тоо лыжа базасында өтөт.

«Иш-чаранын алкагында интерактивдүү элементтерди камтыган лыжа тебүүнү сүйүүчүлөрдүн оюн-зооктору, эс алуучулар арасында түрдүү сынактар, өнөрпоздордун катышуусундагы концерттик программа жана башка көптөгөн кызыктуу оюндар жана сынактар уюштурулуп, түрдүү байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгү түзүлмөкчү», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button