Ош базарынан инфекциянын очогу табылды, карантинге жабылат
Ош базарында коронавирус жуктуруп алуу коркунучу пайда болду, базарды карантинге жабылышы мүмкүн.
Базарды жабуу маселеси жакынкы күндөрү каралат.
Бишкек шаарынын мэриясы Ош базарын карантинге жабуу маселесин карап жатат. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Азиз Алымкулов брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында аталган базарда коронавирусту жугузуп алуу очогу билинген.
-Орто-Сай базары дезинфекциялоого жабылды, анткени ошол базардан да коронавирус жуктуруп алгандар аныкталган, — деди ал. – Ош базарында да инфекциянын очогу аныкталды. Бул маселе жакынкы күндөрү каралат. Эгер ал жактагы ишкерлер баардык дезинфекциялык иштерди аткарып, бет кап кийүү талаптарды аткарса мындай кырдаалдан чыгып кетишет”,- деди вице-мэр.
Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы борбордогу Орто-Сай базарын дезинфекциялоо үчүн карантинге жабылган.
Abal.kg