Коом

Тогуз-Торо районунда муктаж үй-бүлөлөргө ун, май жана көмүр таратылды

Тогуз-Торо районунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ун, май жана көмүр таратылды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Ихсан Хайрия» кайрымдуулук фонду тарабынан райондогу аз камсыз болгон 200 үй-бүлөгө 25 килограммдан ун жана күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк таратылды.

Белгиленгендей, азык-түлүк райондун 5 айыл аймагынын каттоосунда турган социалдык жактан аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөргө, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга таратылды.

Ошондой эле «Ас-Сафа» кайрымдуулук фонду Атай, Көк-Ирим айыл аймактарындагы муктаж жана турмуштук оор кырдаалга кабылган 135 үй-бүлөгө 9 мүшөктөн 68 тонна акысыз көмүр таратты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button