Коом
Кербендеги ооруканада чыккан өрт. Министр Аксыга жөнөп кетти

Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Аксыга жөнөп кетти. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
«Аксы Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун имаратында өрт чыкканы боюнча маалымат келип түшкөн. Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Жалал-Абад облусуна жөнөп кетти. Жеринде Жалал -Абад облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору көзөмөл жүргүзүп жатат, акыркы маалыматы боюнча, оорулулар башка бөлүмдөргө которулуп, эвакуацияланды, жабыркагандар жок»,- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетчү жагдай, ооруканадан 134 бейтап эвакуацияланды.



