Коом
Милициянын майору Мырзабек Тороев үч эм уулдуу болду

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн ыкчам иштер боюнча орун басары, милициянын майору МырзабекТороев үч эм уулдуу болушу менен чын дилден куттуктайбыз!
Мырабек Тороев 2024-жылдын 19-апрелинде Амантай, Эртай, Эсентай аттуу үч перзенттүү болуп, кубанычы койнуна батпай турган кези.
Бөбөктөрдүн бешик боосу бек болуп, аман-эсен чоңоюп, кыргыз элинин керегине жараган эр азаматтардан болушсун!
ИИМдин маалымат кызматы!



