Коом
Бишкекте түн ичинде Элебесов көчөсүндө дарак кулап, унааны басып калган

Борбор калаада түндө Элебесов көчөсүндө чоң терек кулап, өтүп бара жаткан унааны басып калган. Окуянын сүрөттөрүн күбөлөр социалдык тармактарга жарыялашкан.
Алдын ала маалыматт боюнча, унаанын айдоочу жана жүргүнчүлөр жабыркаган эмес. Коммуналдык кызматтар даракты тез арада алып салышкан. Көчөдөгү жол кыймылы толугу менен калыбына келтирилген.



