Коом

Эксперттер: Илдетти алдын алууда жалгыз эле Космосбек Чолпонбаев күнөөлүү деген туура эмес

Күн өткөн сайын өлкөдө коронавирустан каза болгондордун саны көбөйүүдө. Азыр коомчулук өз арабасын өзү сүйрөп, жеке ишкерлер дары-дармек, ИВЛ аппараттар менен медикоменттерди алып келип элге таратууда. Айрыкча активист ыктыярчы жаштар, көптөгөн өмүрлөрдү сактап калууда. Ал эми саламаттыкты сактоо министрлиги элге эреже сактоону, коомдук жайларда беткап тагынууну айтууда.  Тез жардам унааларын сатып алып региондорго таратты. Бирок коомчулук, унаалар өтө эле кымбат алынгандыгын, министр жакшы чара көрбөй  жатканын социалдык тармактарга жазууда. Буга чейин, мурунку саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге иш козголуп, ал суракка чакыртылганда, инфарктка кабылып, дарыгерлер эки тараптуу пневмония диогнозун аныкташты. Биздин маалымат портал, эл арасында азыркы тапта жана буга чейин илдеттин алдын алуу иштери тууралуу коомчулуктан сурамжылоо жүргүздүк.

Бекболсун Бөрүбашев, юридика илимдеринин доктору: «Жалгыз Космосбек Чолпонбаевди күнөөлөгөн туура эмес»                    

-Биздин саясат айдыңында кызматтан кетсе эле бардык күнөөнү ошого оодара салуу адатын таап алды. Жалгыз Космосбек Чолпонбаевди күнөөлөнгөндөн алысмын. Бул жерде 30 жылдан бери медицинанын абалын көрүп, мышык ыйлаган абалга келди. Ушундай абалга эмне Космосбек алып келдиби албетте жок. Бул жерде мурунку президенттен тартып азыркы бийликте отургандардын баары жоопко тартылышы керек. Кыргызстанда 30 жылдан бери бизге “демократияны орнотом” деп элге чакырып салып, бакылдагандар күнөөлүү. Алар балык башынан сасыйт болуп бизди ушул абалга алып келди. Азыр күнөөнү бири-бирине шылтап тиги, бул деп бир адамга жоопкерчиликтин баарын төңкөп салуу акылга сыйбаган иш. Эгер чынында эле мыйзам алдында күнөөсү далилденсе анда жоопкерчиликке тартылышы зарыл.

Бурул Макенбаева, Саламаттык сактоо тармагы боюнча эксперт: Космосбек Чолпонбаевди жоопкерчиликке тартуу такыр туура эмес

-Мурунку Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавирус илдетинин таралышын алдын алууда колунан келген аракетин көрдү. Биринчиден, дарыгерлерди окутууларды жүргүздү. Лабораториялык изилдөөлөр келди, чек арада көзөмөл күчөтүлүп, ар бир жаранды медициналык кызматкерлер текшерип жатышты. Башка мамлекеттерге салыштырмалуу даярдык иштери тиешелүү деңгээлде жүрүп жатты. Бул жерде вирусту таратуу мөөнөтүн узака сактоодо аракетин көрдү. Ал эми жоопкерчилик жагын айта турган болсок азыр кылмыш ишин козгоп, жоопкерчиликке тартуу такыр туура эмес. Мамлекеттик органдардын мындай ишке барбай турушун айтат элем. Себеби биринчиден министрликтин аткарып жаткан иши толук анализден өтө элек. Ага бир топ убакыт кетет. Эпидемия бүткөндө гана изилдөөдөн өткөргөндө бир жыйынтыкка келиш керек. Экинчиден, азыр кылмыш ишин козгосо учурдагы иштеп жаткан министрге дагы залакасы тийип, коркуп натыйжалуу иштерди жүргүзбөй калат. Мындан улам мурунку министрге караганда азыркы азыркы министрдин убагында дагы мүчүлүштүктөр бар. Азыр оору күчөп жаткан шартта карантин маалында эле обсервецияларды даярдап, ооруну алдын алса болмок. Бул жерде өкмөттүн чоң катасы болду.

Нурсадык Ормонбаев,  КМЮАнын Криминалистика жана соттук-медициналык экспертиза кафедрасынын ага окутуучусу: Кадр маселеси болуп көрбөгөндөй аксады бизде

-Саламаттык сактоо системасында санитардан баштап, райондук областтык, республикалык деңгээлде иштеп келген адам гана Саламаттыкты Сактоонун ишин жолго салып кетет. “Хоп мейли” деп, Жогорку жакты карап турган киши иштин кызыкчылыгы үчүн күйбөйт. Жеке пикирим. Бул эми күчөтүп айтканда.  Кадр маселеси болуп көрбөгөндөй аксады бизде. Бул өтө митайым, алдап койчу тумоо экен. Сиз деп гана сүйлөшүш керек вирус менен.

Айбар Султангазиев, Медицина тармагы боюнча серепчи: Алгач  Финансы министрлигин жоопкерчиликке тартса болмок

-Менин оюмча жалгыз эле мурунку министрди эмес, өкмөт анын ичинде министрлер, өкмөт башчылар ушундай абалга алып келгени үчүн жооп бериши керек. Эгер мыйзамдуу түрдө Чолпонбаевдин күнөөсү аныктала турган болсо жоопкерчиликке тартылышы керек. Эмнеге Финансы министри жоопкерчиликке тартылбайт? Эмнеге убагында кырдаалга чара көрүп, убагында акча каражатын которгон жок? Ушул боюнча ал министрлик сөзсүз жооп берсин. Убагында дары-дармек алышпай, азыр эл эмне деген кыйынчылыктарды көрүп жатышат. Ушул абалга алып келгени үчүн азыркы Саламаттык сактоо министрлигинен тартып, өкмөт жоопко тартылышын талап кылам.

Камбар Жээмуратов. Айдоочу.  Ачыгын айтканда бизде саламаттыкты сактоо тармагы кыйла жылдан бери аксап келет. Эпидемия башталганда карантин киргизип, дизинфекцилоо иштери жакшы жүрдү. Чолпонбеавге мүмкүнчүлүк берсе болмок. Ал жолдорун билет эле. Азыркысы деле кыйраткан жок. Ал жаңы келип эки жагын каранганча убакыттан уттурдук. Өлүм, ооругандар көп болуп кетти. Тез жардам машыналарын кымбат алыптыр. Айтор бөрк ал десе баш алгандай эле болуп жатат. Азыркыны иш жасайт деп койду да чара көрбөйбү эртерээк.

Анара сатуучу: Күнөөнүн баары элдерде эреже сактабаган. А өкмөт болсо чет жакта жүргөндөрдү келтирбей турса болмок. Ошолор оору алып келди. Андай десек, чет жакта алар деле кыйналды да. А мына министрлер алмашып эле жатат, оору күчөп жатат. Ошондуктан мен ойлойм, министрди алмаштырбай туруп иштетүү керек болчу. Азыр кайра ооруу күчөп кетти.

Булак: Кадам-Медиа

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button