Коом

Коронавирус. Айыккандардын саны арбып, жуктургандар жана каза болгондор азайды

Өткөн суткада өлкө боюнча 535 адам коронавирустан айыкты. Ал эми Кыргызстандын аймагы боюнча 278 адамдын коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, вирус жаңыдан аныкталган адамдардын сегизи медицина кызматкерлери.

Аймактар боюнча жуктурган бейтаптар:

Бишкек — 104;

Ош – 19;

Чүй облусу – 21;

Ош облусу — 34;

Талас облусу – 3;

Нарын облусу – 13;

Ысык-Көл облусу – 17;

Жалал-Абад облусу – 40;

Баткен облусу — 27.

Ушуну менен вирус илештирип алгандардын саны 40 755 болду.

Өлкө боюнча акыркы суткада коронавирустан төрт бейтап каза болду.

Бишкекте үч киши жана Баткенде бир бейтап көз жумду.

Мартта пандемия башталгандан бери каза болгондордун жалпы саны 1 478ге жетти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button