Окуялар
Лейлек районунун жашоочусунун үйүнөн ок атуучу куралдардын шаймандары табылды (ФОТО)

Лейлек РИИБнин ыкчам кызматкеринин маалыматы КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 253-беренесинин (куралды, ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) негизинде катталып, Лейлек районунун Сумбула айыл аймагынын 31жаштагы Ж.Б.нын жашаган турак үйүнө тинтүүгө барган учурда автоматтын, сайлуу жана сайсыз ок атуучу куралдардын октору, тетиктери, бөлүктөрү, бычактар, окторду жасоочу каражаттар, ошондой эле 1 даана ТОЗ-8 үлгүсүндөгү ок атуучу курал аныкталып алынган.

Алынган заттарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы



