ВИДЕО. Ассоль Молдокматова: Артур Цветков, биз кыргызстандыктарды таарынтканга жол бербейбиз!

Белгилүү алпаруучу Ассоль Молдокматова москвалык Артур Цветковдун кыргыз элинен кечирим сурашын талап кылды. Бул тууралуу ал видеокайрылуу жасаган.
“Артур Цветков, биз кыргызстандыктарды таарынтканга жол бербейбиз!
Сен өзүң биринчи этика менен маданиятты үйрөнүп ал! Эгерде бул жагынан көйгөйлөрүң болсо, биз сага үйрөтүп коебуз!
Сен өзүңө антипиар кылып алдың, эми сен кечирим сурамайынча бул эпопея токтобойт. Ошондуктан өз убагында чечкиндүүлүк кыл да, Кыргызстандын элинен кечирим сура!”, – дейт ал.
Эске салсак, 11-августта Москва шаарындагы ресторандардын биринде орус шоу-бизнес өкүлү менен аталган ресторанда иштеген кыргыз жаранынын ортосунда чыр чыккан. Анда, MTV жана МузТВ каналдарынын алпаруучусу Артур Цветков (Vj Archiе) бет кап кий деген суранган кыргыз жаранына катуу айтып, ызы-чуу салып, экөө мушташып кете жаздаган. Ошондой эле, ал полиция чакырып, ал тургай кыргыз жаранын депортация кылам деп да коркуткан.
Эртеси, Артур Цветков Инстаграм баракчасы аркылуу ресторандын жетекчилиги кызматкери үчүн кечирим сураганын билдирген. Анын постунун астына комментарийлер жаап, өзүн сөгүп жатышат.
Ал эми MTV-Россия телеканалы Артур Цветковдун аларда иштебестигин билдирген.



