Коом
Жогорку Кеңеш акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурун кызматынан алды

50 депутат “макулдугун” берип, 5 депутат аны кызматтан алууга каршы чыкты.
Депутаттар буга чейин акыйкатчынын өткөн жылы аткарылган иши боюнча жасаган баяндамасын жактырбай койгон. Ал эми “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу сунушун киргизген болчу.



