Коом

Бир суткада 225 киши коронавирусту жеңип, кайра 186 жаран жуктуруп алды

Кечээ Кыргызстанда 225 бейтап коронавирустан сакайып чыкса, 186 кишинин вирусту жугузуп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Сакайып чыккандарды аймактар боюнча бөлүп карай турган болсок, жагдай төмөнкүчө:

Бишкек – 75;
Ош шаары – 19;
Чүй облусу – 7;
Ош облусу – 45;
Талас облусу – 3;
Нарын облусу – 10;
Ысык-Көл облусу – 32;
Жалал-Абад облусу – 25;
Баткен облусу – 9.

Ал эми жугузгандар аймактар боюнча төмөнкүчө бөлүндү: Бишкекте — 51, Ошто — 3, Ош облусу — 25, Чүй облусу — 12, Талас облусу — 8, Ысык-Көл облусу — 35, Баткен облусу — 16, Жалал-Абад облусу — 36, Нарында катталган жок.

Республика боюнча коронавирустан айыккандардын саны 36 056 кишини түздү. Жуктургандар жалпысынан 42 889 жетти.

Өткөн суткада COVID-19дан каза болгондор катталган жок
Белгилей кетсек, пандемиядан бери өлкөдө 1 055 адам көз жумду.

Акыркы суткада дагы 13 медик илдет жуктуруп алды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button