“Имарат Строй” курулуш компаниясынын жетекчиси Бейшенбек Иманалиев дүйнө салды

Коомдук ишмер, КРнын эмгек сиӊирген куруучусу, “Имарат строй” курулуш компаниясынын жетекчиси Бейшенбек Иманалиев бүгүн жүрөк оорусунан улам дүйнө салды. Ал болгону 67 жашта болчу. Бул суук кабарды жердештери тастыкташты.
Бейшенбек Султанович эмгек жолун жогорку окуу жайдан бүткөн соӊ, 1976-жылы куруучулук тармактан баштаган. 45 жылдык үзүрлүү эмгеги Кыргызстандын курулуш тармагы менен тыгыз байланыштуу болду. Ал 1996-жылы «Имарат строй» курулуш компаниясын түптөп, аталган компанияны Кыргызстанда сапатка басым жасаган эӊ алдыӊкы компаниялардын катарын толуктады. Бул компаниянын аты мамлекетибизден тышкары Россия ж.б. өлкөлөрдө да бааланып, Бейшенбек Султановичке эл аралык сыйлыктарга ээ болгон.
Бул компания мамлекетибиздин курулуш тармагына заманбап кооз үйлөрдү куруп, борбор шаарыбыздын көркүнө көрк кошуп келет. Андан тышкары, мамлекеттик курулуштарга да жигердүү катышып, көптөгөн имараттарды курган. Бейшенбек Иманалиев жөнөкөй, боорукер, иш билги, жүрөгү мекен деп соккон инсан катары элибиздин эсинде калат.
Бейшенбек Иманалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 28-августа Бишкек шаарында жерге берилет.



