Дүйнө

МГУнун вакцинасы коронавирусту кайра жугуузудан сактайт

Ломоносов атандагы Москва мамлекеттик университетинин (МГУ) окумуштуулары иштеп чыккан поливаленттүү вакцинанын варианты, көп факторлуу коргоочу дармек болуп саналат, деп жазат Известия газетасы. Бул тууралуу АиФ маалымат агенттиги билдирди.

Дармекти иштеп чыккан МГУнун  биологиялык факультетинин вирусология кафедрасынын башчысы Ольга Карпова, мындай эмдөөнү жасаткан адам COVID-19дан гана эмес, ага окшош бир кыйла патогендерден да корголот, деп түшүндүрдү.

МГУда жасалган вакцина антигендердин тобун алып жүрөт, деди ал. Вакцинанын курамында универсалдуу антиген киргизилген, ал SARS сыяктуу көптөгөн вирустарга туура келет, деп белгиледи Карпова.

Россиялык окумуштуулардын пикири боюнча МГУнун вакцинасы коронавирустун кайра жугуузудан сактайт.  

Эсиңерге сала кетсек, дүйнөдө биринчи жолу Россияда коронавируска каршы вакцина каттоодон өткөн. Азыр ушул тапта Россияда алты вакцина иштелип жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button