Социалдык Мейкатон өз ишин улантууда

Социалдык Мейкатон өз ишин улантууда. Ал эми бир жумадан бери командалар канча балл алганын билип алыңыз.
⠀
🔶Бешик-Жон 800
🔶Акман 1000
🔶Сейдикум 800
🔶Барпы 800
🔶Кара-Алма 1000
🔶Көк-Арт 1000
🔶Көк-Жаңгак 1000
🔶Кош-Дөбө 600
🔶Арстанбап 1000
🔶Кочкор 1000
🔶Кум-Дөбө 1000
🔶Нарын 1000
⠀
Мейкатон аяктаарына дагы бир жума бар, андыктан командалар өздөрүнө жетиштү балл топтогонго бүт аракеттерин жумшаса болот.
⠀
Мейкатон – бул жаштардын биргеликте креативдүү ой жугүгүртүү менен социалдык маселелерди инновациялык жол менен чечүүгө аракет кылган иш чара.
Бул иш-чараны Борбордук Азиядагы дебат билим берүү ассоциациясы, USAID программасынын колдоосу менен ишке ашырылып жатат.
Иш-чарада, региондордогу жаштар 14 күн бою кыйынчылыктарга, тоскоолдуктарга карабай өз аймактарындагы маселелерди чыгармачылык көз караш менен карап, жаңы идеяларды таап, маселелерди чечүү жолун издешип, аймактардын өнүгүүсүнө салым кошууга аракет кылышууда.
Иш-чарага Нарын облусунан Нарын шаары, Кочкор, Кош-Дөбө, Кум-Дөбө, Сузак районунун Барпы, Кара-Алма, Көгарт, Көк-Жаңгак, Базар-Коргон районунун Арстанбап, Акман, Бешик-Жон, Сейдикум айылдарынын жаштары катышууда.
Мейкатон 14 күн боюн онлайн форматында өтүп жатат, аны баардык каалочулар ideaca.today сайтына кирип онлайн көрө алышат.



