
Жазаны күчөтүүнү президент Садыр Жапаров демилгелеп, ишкерлерди жана инвесторлорду коргоо максатында Кылмыш-жаза кодексине жаңы берене кошууну сунуштаган.
Ошондой эле бизнести мыйзамсыз текшерүү үчүн айып пулду 10 миң сомдон 15 миң сомго чейин көтөрүү демилгеленүүдө.
Мындан тышкары, президент ишкерлерди негизсиз камоодон коргоо максатында, аларды камоонун ордуна электрондук байкоо жүргүзүү, күрөө, үй камагы сыяктуу бөгөт чараларын сунуштаган.



