Коом
Жалал-Абадда 54 жаштагы киши 25-августтан бери табылбай жатат

Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан жаран изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында 25-август күнү саат 07:00 чамасында Аксы-Келдиш көчөсүнүн тургуну 1969-жыды туулган эркек киши үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз.
Жерине издөө иш-чараларын жүргүзүүгө Таш-Көмүр шаардык №57 ӨКБдан 8 куткаруучу тартылды. Кошумча маалымат берилет.



