Коом

2024-жылы «Тазалык» 265,2 миң тонна таштанды чыгарган

Кыргызстанда 2024-жылы «Тазалык» ишканасы пландалган  677,8 млн сомдун ордуна 763,7 млн сом киреше тапкан. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешке сунушталган 2024-жылдагы мэриянын ишмердүүлүгү жөнүндө отчетто айтылат. 596,9 миң куб метр (265,2 миң тонна) катуу тиричилик таштандылары чыгарылган.

Бул 2023-жылга салыштырмалуу 86,9 миң куб метрге же 37,7 миң тоннага көп. «Тазалык» ишканасынын абоненттик базасы 2024-жылдын 31-декабрына карата катуу тиричилик таштандыларын чогултуу жана чыгаруу боюнча 886 миң адамды жана 16 миң 108 чарба жүргүзүүчү субъектти түздү. 2023-жылга салыштырмалуу абоненттик база калк боюнча 114,2 миң адамга жана 3807 чарба жүргүзүүчү субъектке көбөйгөн.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button