Саясат

Шайлоо босогосун азайтуу мыйзам долбоорун ЖК комитети үч окууда жактырды

Конституциялык мыйзамдар, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун үч окууда жактырды.

Белгилей кетсек, аталган демилге кечээ, 21-октябрда, парламентте биринчи окуудан өткөн. Бүгүн комитетте дароо экинчи жана үчүнчү окууда каралып колдоо тапты.

Андан соң Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында талкууланмак. Бирок саат 14:00дөн бери кворум жок жыйын башталбай жатат. Бул конституциялык мыйзам болгондуктан кабыл алуу үчүн кеминде 80 депутат добуш бериши керек.

Эгер сунушталган мыйзам күчүнө кирсе:

  • парламенттик шайлоонун күрөөсү 5 миллион сомдон 1 миллион сомго түшүрүлөт;
  • босого чеги 7 пайыздан 3 пайызга төмөндөтүлөт;
  • шайлоо участкасын алмаштырууга шарт түзгөн №2 форма жокко чыгарылат. Анын жолу татаалдаштырылат;
  • шайлоого катышууга ниети бар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жумуштан убактылуу гана четтетилбей, толугу менен ишинен бошотулат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button