Саясат

Садыр Жапаров Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча үн катты

Президент  Садыр Жапаров «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу ишин тез арада териштирүү боюнча тапшырма берди. Бул туурасында президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, Жапаровго кол салуу боюнча президент кабардар. Мамлекет башчысы Ички иштер министрлигине бул факты боюнча бардык жагдайларды иликтеп чыгууну, шектүү адамдарды аныктоо үчүн тыкыр ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнү жана тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырган.

«Ошондой эле болгон окуяда аны айрым күчтөр өз максаттарына колдонууга аракет кылып жатканын жокко чыгарууга болбойт. Ар бир адам макамына жана ээлеген абалына карабастан укук коргоо органдарынан өз укуктарын жана эркиндигин коргоону талап кылууга акысы бар. ИИМ өз кезегинде коомдогу жана мамлекеттеги тарип менен мыйзамдуулукту коргоо боюнча ишмердүүлүктү жүргүзүүгө милдеттүү», — деп билдирди маалымат катчы.

Белгилей кетсек, бүгүн борбор калаадагы мейманкалардын биринин алдында Өмүрбек Текеаевге белгисиз балдар кол салган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button