Саясат

Бейшенбек Усубалиев: Садыр Жапаров физкультурник деп кыйкыргандар, ал бир эмес эки жогорку билимдин ээси

Жакында, жыл жаңыраары менен Кыргызстанда президенттик шайлоо болот. Учурда шайлоого аттанган 65 талапкердин 48и даярданып жаткан кез. Тилекке каршы президенттик шайлоого катышкан талапкерлер бири-бирин кемсинткен сөздөрдү айтып, каралоого, шылдыңдоого өтүштү. Abal.kg  маалымат агенттигинин почтасына ар кандай мүнөздөгү көп каттар келет, телефон чалуулар болот. Бүгүн Садыр Жапаровду колдойм, аны жакшы тааныйм, ага карата каралоолор болуп жатат, ушул катымды жарыялап,  чыгарып берип койгулачы, деген 74 жаштагы аксакал Бейшенбек Усубалиев келиптир. Карыянын жазганын өзгөртүүсүз беребиз:

“Садыр Жапаровду физкультурник деп кыйкыргандар, Садыр бир эмес эки жогорку билимдин ээси. Бишкектеги Дене тарбия жана спорт институнда машыктыруучу адистигинде окуган. Андан кийин Борис Ельцин атындагы  Кыргыз-орус Славян университетинде юриспруденция факультетинде окуп, экинчи жогорку билимге ээ болгон.

Учурда Садыр Жапаровду физкультурник деп шылдың кылгандар, Кыргызстанды спорт чеберчилиги менен дүйнөгө тааныткан спортчулардын дээрлик бардыгы  ошол Дене тарбия жана спорт инстититутун  аяктагандар. Билим алуу  эч качан уят болгон эмес, болбойт дагы!  Дене тарбия институту адамды спортко, ден соолукту чыңдоого, сергек жашоого үйрөтөт. Силер Садыр Жапаровду эмес, спортчулардын бардыгын шылдыңдап жатасыңар!

Дене тарбия – адамдын эрки күчтүү инсан болуп калыптанышына шарт түзөт. Дал ошол Дене тарбия жана спорт институтунда окуп жүргөндө Жапаровдун эрки күчтүү, өжөр мүнөзү калыптанса керек. Антпесе ошончо турмуштун сыноолоруна башка эрки бош адам болсо эчак эле сынмак.

Ошончолук оор сыноолорго сынбай, тескерисинче болоттой курчуп, бүгүнкү күнү элинин, Кыргызстандын келечеги үчүн «башымды канжыгага сайдым» –  деп өзүнө чоң жоопкерчилик алып отурат. Бүгүнкү күнү ЭЛ Садыр Жапаровго ишенип турат. Бир ууч саясатчы болумуштар эл силерден эчак эле тажаган, cилерди шайламак турсун эл көргүсү жок, билип алгыла…”

Бейшенбек Усубалиев, спорт чебери

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button