Коом

Аскерлер өрттөнүп жаткан үйдү өчүрүүгө жардам көрсөтүштү (ФОТО)

ИИМдин Ички аскерлеринин 718 аскер бөлүгүнүн өзүнчө батальонунун   өздүк курамы Кара-жыгач айылынын жергиликтүү тургунунун  үйүндөгү болгон өрттө жардам көрсөтүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-декабрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 718 аскер бөлүгүнүн өзүнчө батальонунун (Токтогул районунун Каражыгач айылында жайгашкан) өздүк курамы Кара-жыгач айылынын жергиликтүү тургуну З.Сакееванын үйүндөгү болгон өрттө жардам көрсөтүштү.

Батальондун өздук курамы өрт болгон жерге барган соң, айылдык өрт өчүргүчтөр тарабынан өчүрүлгөн үйдүн ээсинин үй эмеректерин, документтерин  жана жеке нерселерин алып чыгууга жана дагы үй ичиндеги  отторду өчүрүшүп жардам көрсөтүштү. 

Үй өрттөнүп жатканда үйдүн ээси жок болгон. 

ИИМдин Ички Аскерлеринин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button