Коом
Камчыбек Ташиев селден жабыркагандарга кандай жардам берилерин айтты

Селден 76 үй такыр эле жараксыз болуп калган. Аларга 1 млн сомдон акча беребиз.
Капиталдык оңдоого муктаж 56 үй бар. Алардын ээлерине 500 миң сомдон беребиз.
Оштогу борбордук базарда 750 контейнерге зыяны тийип ичиндеги товарларды агызып кетти деп жатышат. Бирок толук отчет жок. Буга чейин катталып, салык, патент төлөп жүргөндөргө 100 миң сомдон беребиз.
ЭлТР телеканалы жарыялаган видеодо Камчыбек Ташиев каза болгондордун жакындарына 1 млн сомдон берилери жазылган.



