Коом
Абанын күндүзгү температурасы

Бүгүн, 11-декабрда Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында кар жаайт. Калган облустарда жаан-чачын күтүлбөйт, деп билдирди Кыргызгидромет.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын туман каптайт.
Жолдор тоң жана тайгалак болот.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда +1…+6
Талас облусунда -1…+4
Баткен облусунда +2…+7
Ош, Жалал-Абад облустарында +2…+7
Ысык-Көл облусунда -2…+3
Нарын облусунда -1…-6
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы +1…+2 градус болот.