Коом

Маданият министрлиги балдар адабияты боюнча сынак жарыялады. Шарттары

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кыргыз тилин өнүктүрүү, аны окуп үйрөнүүгө шарт түзүү максатында балдар адабияты жаатында сынак жарыялады. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Сынакка мектеп жашындагы жана өспүрүм курактагы балдар үчүн кыргыз тилиндеги чыгармалар төмөндөгү номинациялар менен кабыл алынат:

  • балдарга арналган мыкты чыгармалар (китеп);
  • балдар үчүн жарыяланган прозалык мыкты чыгармалар (китеп);
  • балдар адабиятынын чыгармаларын кыргыз тилиндеги котормолору.

Сынакка чыгармалар мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар жана мекемелер тарабынан көрсөтүлөт.

Чыгармалар басмаканалык шрифт менен басылган түрдө алты нускадан кем эмес санда берилет.

Материалдар 2020-жылдын 20-декабрынан баштап 2021-жылдын 1-мартына чейин, иш күндөрү саат 09:00дөн 17:00гө чейин Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданиятты, искусствону жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан кабыл алынат.

Сыйлыктар 1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүндө тапшырылат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button