Коом

Ош облусунда беш килограмм героин алып бараткан киши кармалды

Ош облусунда беш килограмм героин алып бараткан киши кармалды. Бул тууралуу ИИМдин баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Тажикстандан ири көлөмдө ташылып турган баңгизат каналы токтотулду.

«Ноябрь айынын аягында Ош облусундагы Нариман айылынан 50 жаштагы М.Ш. аттуу жарандын унаасы токтотулуп, текшерилген. Натыйжада Афганистандан чыккан баңгизаты табылган. Унаанын отургучунун астынан уксус ангидриди жыттанган беш брикет алынды», — дешти ИИМден.
Соттук-химиялык экспертиза табылган баңгизат 5 килограмм 178 граммдык героин экенин аныктаган.

Учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп, кылмышка тийиштиги бар башка адамдар дагы изделүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button