Айрым күндөрү эмнеге свет өчпөй калууда?
Энергетика министрлиги эмнеге кечээ Бишкек менен Чүйдө жарык өчүрүлбөгөнүн түшүндүрдү. Ошондой эле ал өчүрүүлөр ар дайым эле график менен дал келбей турганын айтышты.
Энергетиктерден мындай маалымат алдык:
🔸Чүй облусу жана Бишкекте электр энергиясын колдонуу жана аз күч келгендиктен өчүрүлгөн жок. Акырындык менен башка региондордо да өчүрүү токтошу мүмкүн.
🔸Электр кубатын өчүрүү графикке эмне үчүн дал келбей жатат? Мисалы, график боюнча сиздин көчөдө саат 15:00дөн 17:00гө чейин белгиленсе, бирок ал жакта ашыкча күч келбесе, анда өчпөй да калышы мүмкүн. Бирок керектөө кескин түрдө көбөйсө, мисалы, саат 19:00дө жарык өчүрүлүшү ыктымал.
Баары керектөөнүн көлөмүнөн байланыштуу. Кечээ аба ырайы салыштырмалуу жылуу болду, ошондуктан азыраак күч келди.



