Саясат

Камчыбек Ташиев: Эл өз президентин өзү тандоосуна мүмкүнчүлүк берели

Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге пресс конференция берди. Анын алкагында коомчулукту кызыктырган бир катар суроолорго жооп берди. Учурда мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Жакын арада эле Өзбекстан мамлекетинен келген делегаттар менен жолугуп, түнкү үчкө чейин талкуулашып андан кийин гана протоколго кол коюлгандыгын айтып өттү. Чек ара маселеси оңой чечилип калуучу иштерден эмес. Негизинен демаркация, чек араны тактоо иштери эки мамлекет биргелекте жүргүзүп, талаш жараткан аймактарга дагы биргеликте чечим чыгарарын белгиледи. “Биз билбестиктен аларды аймагына өтүп кетпөө үчүн жана алар дагы биздин жерге өтпөш үчүн барды тиешелүү иштер чогуу жүргүзүлөт. Албетте жыйынтык дароо эле болбойт. Бирок биз бул ишти өтө кылдаттык менен жүргүзөбүз,” – деди төрага. 

Ал эми шайлоодон кийин өлкөдөгү кырдаалды дестабилизациялоо аракеттери болушу мүмкүн экенин дагы белгиледи.  “Бирок биз дестабилизациянын болтурбоого аракет кылабыз. Бизде учурда ким эмне менен алектенип жаткандыгы боюнча маалыматтар бар. Кайсы кандидат кырдаалды курчутууга даярданып жаткандыгы дагы билгилүү. Бизде айрым кандидаттар шайлоого эмес, өлкөнү дестабилизациялоого даярданып жаткандыгы тууралуу да маалымат түшүүдө. Бул боюнча шайлодон кийин чаралар көрүлөт. Анын үстүнө эл да андай чагымчылдыкка жол бербейт. Эгер алар миң же беш миң киши алып чыга турган болсо, эл миллиондоп көтөрүлүп кетет. Андыктан өлкөдө башаламандык болуусуна жол бербейбиз. Мен бир сүйлөгөн адаммын, бир кадам дагы артка чегинбейм. Бир гана алдыга кетебиз. Шайлоо элдин каалоосундай өтсүн. Эч ким акча менен да, бийлиги менен дагы шайлоонун жыйынтыгына таасирин тийгизбеши керек. Эл өз президенттин өзү тандоосуна жок дегенде бир жолу мүмкүнчүлүк берели” –деди Качыбек Ташиев. Аябай туура баамдаган, учурда эл өз тандоосун өзү жүргүзө турган учур келди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button