Коом

Жалал-Абад шаарында 13 жаштагы кыздын жүрөгүнө уникалдуу операция жасалды

Жалал-Абад шаарындагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунда уникалдуу операция жасалды. Тактап айтканда, жүрөктүн жалпы дүлөйчөсүн радикалдык коррекциялоо операциясы болгон. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда АКИpress агенттигине борбордун кардиохирургу Калдарбек Абдраманов билдирди.

Анын айтымында, операция 13 жаштагы кызга жасалган.

«Жасалган операция оор болду. Бейтап жандандыруу бөлүмүнө которулду», — деди ал.

Абдраманов белгилегендей, статистикалык маалыматтарга ылайык, үч камералуу жүрөк – өтө сейрек кездешүүчү аномалия, ал жүрөктүн тубаса кемтиги бар бейтаптардын 0,1 пайыздан азында гана кездешет.

Булак: АКИpress

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button