Коом

3,5 тонна күйүүчү майды мыйзамсыз түрдө ташып бараткан унаа кармалды

Талас облусунун Айтматов районунда күйүүчү майды мыйзамсыз түрдө ташып бараткан жеринен, мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалган.

Бул маалыматка ылайык, «Mercedes-Benz Sprinter» маркасындагы жүк ташуучу унаа токтотулган. Текшерүү учурунда унаада тиешелүү документтери жок болгон, болжол менен 3500 литр күйүүчү май аныкталган.

Бул факт боюнча материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Тектеш кабарлар

Back to top button