Дүйнө

ӨКМ эскертет: Өрт уюлдук телефондун кубаттагычынан да чыгышы мүмкүн

Өрт коопсуздугун сактоо үчүн уюлдук телефонду кубаттаган учурда бир канча эрежелерди карманыңыз, дейт Өзгөчө кырдаалдар министрлиги. Алар:

  1. Уюлдук телефондун кубаттагычын токко сайган бойдон калтырууга болбойт. Анткени техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам электр энергиянын кубаттуулугу капысынан жогорулап кетиши мүмкүн. Мындай учурда токко сайылып турган кубаттагыч ысыйт дагы, түтүн чыгарып, өрттүн жаралышын шарттайт.

2. Заманбап телефон кубаттагычы өрткө каршы система менен жабдылган. Бирок ал түбөлүктүү эмес, убакыт өткөн сайын ички тетиктер эскирет. Айрыкча арзан баадагы жана үч жылдан ашык пайдаланылган кубаттагыч буюмдар өрт кырсыгына кептейт.

3. Кубаттагыч электр энергияга туташтырганда ысып кетип жатса, аны алмаштырыңыз.

4. Кубаттагычты, телефонду, планшеттерди күндүн нуру түз тийген жерге коюуга болбойт.

5. Телефонду токко сайып алып көпкө сүйлөшүүгө, оюн ойноого, кино, видео көрүүгө болбойт.

6. Телефонду кубаттап жатканда кароосуз калтырбаңыз, аны жаш балдардын колу жетпегидей, кубаттагычтын зымы балдардын бутуна илешпегидей акыбалда коюңуз.

7. Электр чыңалуусунун кубаттуулугу катуу шамал, бороон болгондо, жаан жааганда, чагылган түшкөндө көп болот. Мындай учурда бардык үй-тирчилик буюмдарын электр тогунан ажыратып койгон жакшы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button