Коом
Эмилбек Абдыкадыров депутат болууга аракет кылууда

Ал 2021-жылкы парламенттик шайлоодо уткан атаандашы Бактыбек Чойбековду добуш сатып алууга айыптап чыкты. Анын арызын Бишкектин административдик соту канааттандырып, Чойбековду мандатынан ажыратуу чечимин чыгарды.
Мындай учурда №21 Талас шайлоо округунан экинчи орунду алган Абдыкадыров парламентке келет.
Деген менен өткөн жумада БШК Абдыкадыровдун арызын негизсиз деп четке каккан.
Эмилбек Абдыкадыров 2022-жылдан бери Бишкекти, кийин Ысык-Көлдү башкарып 14-февралда иштен кеткен.



