Саясат
Алмаз Бейшеналиев: Расмий тараптан колдоо бар, Президент мага ишеним көрсөттү

КР Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев тууралуу коомчулукта аны кызматтан кетет экен деген сыяктуу талкууларп болгон эле. Бүгүн министр Алмаз Бейшеналиев Фейсбуктагы баракчасына президент ага ишенип көрсөтүп жатканын айтты.
«Кечээ социалдык тармактарда менин кызматтан алынарым тууралуу маалыматтар тарады. Азыр расмий тараптан колдоо бар. Жаңы шайланган Президент мага ишеним көрсөтүп, аткарган иштерим боюнча ыраазы экенин айтты.
Коомчулуктун мага болгон колдоосу менин мындан аркы иштериме дем-күч берип, ошол эле учурда эл алдындагы жоопкерчилигимди күчөттү»,- деп жазды ал.



