Коом

Кыргызстанда 2020-жылы орточо айлык акы 18 миң 493 сомду түздү

2020-жылы Кыргызстан боюнча орточо айлык акы 18 миң 493 сомду түздү, бул 2019-жылга салыштырмалуу 7,7%га көп. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук статистика комитетинин статистикалык маалыматтарды жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаева билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылга салыштырмалуу 2020-жылы орточо айлык акынын өсүшү экономикалык ишмердүүлүк жаатындагы ишканаларда жана уюмдарда байкалган.

Ошондой эле, 2020-жылы жашоо минимуму жан башына 5 миң 358 сомду түзүп, бул көрсөткүч 2019-жылга салыштырмалуу 1,5%га өскөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button