Алдамчылыкка шектүү катары кармалган депутаттыка кандидат аял үй камагына чыгарылды

Кара-Суу РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан КРнын ЖКнин 204-бр. 1-б. каралган кылмыштын белгилери менен 19.09.2020-жыл күнү соко чейинки өндүрүш иши башталган.
Иштин фабуласы: Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтү Тельман айылынын тургуну К. А. К (аял киши) арызданган. Себеби, 2019-жылдын 26-апрелинде ал Б. К (аял киши) менен Э. Сдан (аял киши) 200 000 сом процентке акча алгандыгын. Үч ай мөөнөткө үйүнүн документтерин өткөзүп берип тургандыгын андан кийин акчасын жарым жартылай кайтарып бергенден кийин, анын Кара-Суу районунун Киров айылындагы үйүн Э. С. жана Б. К өздөрүнө өткөрүп алып аны үйүнөн чыгарып жатканын билдирип, арыз менен кайрылган.
Тергөө аракеттеринин жыйынтыгы менен, бул иш 2020-жылдын 28-декабрь күнү КРнын ЖПКнин 26-бер. 1-б. 2-п. менен өндүрүштөн кыскартылган.
06.02.2021-жыл күнү бул сотко чейинки өндүрүш иши Кара-Суу районунун прокуратурасы тарабынан көзөмөл иретинде окулуп чыгылып, КРнын ЖПКнин 33-бер. 2-б. 11-п. негизинде кыскартуу токтому бузулуп, кошумча тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн Кара-Суу РИИБнин Тергөө кызматына жиберилген. тергөө учурунда белгилүү болгондой 2019-жылдын 17-май күнү Кара-Суу районунун Савай айыл аймагынын Кен-Сай айылынын Тынчтык көчөсү №10 үйүнүн тургуну 12.09.1978-жылы туулган А. А Ж., Ош шаарынын Анар кичи районунун тургуну Б. Кдан 4000 (төрт миң) АКШ долларын, бир айга 10% үстөгү менен кайтарып берүү шарты менен алган учурда, анын агасы А. А турак үйүн күрөө катары деп, алдап алды-сатты келишимин түздүрүп, ай сайын үстөк акчасын берип турганына карабастан, А.Адан жашырып, ага айтпай алдап үйүн Ж Н аттуу жаранга 1 300 000 (бир миллион үч жүз миң) сомго сатып жиберген. Н.Жга саткандан кийин да үч ай үстөк акчасын алып турган.
А.Анын арызы менен КРнын ЖКнин 204-бер. 2-б. 1-п. каралган кылмыштын белгилери менен, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Тергөө аракеттерининин жүрүшүндө, 25.03.2021-жыл күнү 19.10.1976-жылы туулган Б Кга жактоочусунун катышуусунда КРнын ЖПКнин 98-бер. негизинде кармоо жүргүзүлүп, Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Азыркы учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.
25.03.2021-жыл күнү Алай районунун Ленин айыл аймагынын Мурдаш айылынын тургуну 13.11.1969-жылы туулган Ы. К О арыз менен кайрылып, анда 2020-жылдын 20-февраль күнү Б. К жана анын апасы Э. Снын атында турган Кара-Суу районунун Савай айыл аймагынын Кен-Сай айылындагы А. А(аял киши) агасы А Анын күрөө катары алган үйүн алды- сатты келишми менен 1,300,000 сомго алдап сатып жибергенин, ага мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
К.Ынын арызы боюнча 25.03.2021-жыл күнү КРнын ЖКнин 204-бер. 2-б. 1-п. каралган кылмыштын белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Ошондой эле, 25.03.2021-жыл күнү Ош шаарынын тургуну 21.11.1973-жылы туулган Т. Ж Т арыз менен кайрылып, анда 2018-жылдын май айынын аяк чендеринде Кара-Суу районундук базардын жанында Б. К ишеничине кирип, алдап, банктан алган насыяны чечип беремин деп, өзүн жергиликтүү кеңештин депутаты жана юристмин деп тааныштырып, 145 000 (жүз кырк беш миң) сом акчасын алып, ушул күнгө чейин бербей жүргөнүн билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
Ж.Тнын арызы менен 25.03.2021-жыл күнү КРнын ЖКнин 204-бер. 2-б. 1-п. каралган кылмыштын белгилери менен сандуу сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Бүгүнкү күндө массалык маалымат каражаттарынан алынган маалыматтарга ылайык, азыркы мезгилде УКЖда шектүү катары кармалып турган 19.10.1976-жылы туулган Б. К Ош шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлигин койгондугу белгилүү болгон. Андыктан Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасына К.Бны Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлеринин тизмесинен чыгарып салуу боюнча жолдомо жиберилген.
Мындан сырткары, бүгүнкү күндө, шектүү К.Бнын бүгүнкү күндө бир кылмыш иши Кара-Суу райондук сотунда КРнын ЖКнин 204-бер. 3-б. каралган кылмыштын белгилери менен соттук кароо жүрүп жатат. 2021-жылдын 27-март күнү кылмышка шектүүнүнүн баш коргоо чарасы Кара-Суу райондук соту тарабынан каралып үй камагына чыгарылган.
Ош ОИИБдин басма сөз кызматы



