Кыргызстандын ЕККУдагы туруктуу өкүлү эгемендүү мамлекеттин тандоосун сыйлоону өтүндү

Венада ЕККУнун Туруктуу Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп, анда Кыргызстандын ЕККУдагы туруктуу өкүлү, элчи Бакыт Жусупов сөз сүйлөдү.
Ал Кыргыз Республикасы өнөктөштөрдүн өлкөдө жүргүзүлүп жаткан конституциялык реформа боюнча билдирүүлөрүн кубаттай тургандыгын билдирди.
Дипломат Кыргыз Республикасы Конституциянын долбоору боюнча ЕККУ / ДИАУБ менен Венеция комиссиясынын биргелешкен корутундусун кылдаттык менен изилдеп чыккандыгын айтты. Ал 10-январда республикада кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасы боюнча референдум өткөнүн эске салып, добуш берген жарандардын 84 пайызы президенттик башкаруу формасына өтүүнү колдогондугун билдирди.
Эл аралык коомчулук, анын ичинде ЕККУ/ДИАУБ тарабынан кеңири таанылган эркин жана акыйкат шайлоодо жеңишке жетишкен Президент Садыр Жапаров элдин 79 пайызынын ишенимин алган күчтүү мандатына таянып, элдин демократиялык эркине толук ылайык келген саясий курсту жүргүзө тургандыгын баса белгиледи.
“Венеция комиссиясынын 2010-жылдын июнундагы билдирүүсүнө көңүл бурабыз, ал өз кезегинде 2007-жылдын корутундусундагы эскертүүнү билдирет. Цитата келтирсем: “Партиялык система өтө начар өнүккөндүктөн, конституциялык реформа партиялар жогору жактан негизделген жасалма системаны түзүүгө өбөлгө болот деген коркунуч бар. Аларды калктын конкреттүү саясий тажрыйбасына таянбай, аткаруу бийлигинин кызыкчылыгы сыяктуу эле, бизнестин кызыкчылыгы менен көзөмөлдөсө болот. Анын үстүнө, көз карандысыз талапкерлерге орун жок». Венеция комиссиясынын убагында берген дал ушул эскертүүсү бизде болду. Парламентаризмдин жасалма демократиялык ураандарына жамынып, саясий партиялардын жана жарандык коомдун башка институттарынын өнүкпөгөндүгүнө байланыштуу, бийлик менен элдин ортосундагы ажырым 2020-жылдын октябрь айындагы окуяларга алып келди», — деп баса белгиледи Бакыт Джусупов.
Ал акыркы парламенттик шайлоодо «адамдардын чакан тобу мандаттардын абсолюттук көпчүлүгүн ээлеп, бийликке келүүгө аракет кылышкандыгын» баса белгиледи. Элчи баса белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы учурдагы кырдаалга канааттанбаган элдин эркине таянып, конституциялык өзгөртүүлөрдү киргизүүдө.
«Конституциялык реформа маселелери акыркы жылдары күн тартибинде жана саясий дебаттардын чордонунда болуп келген. Жандуу жарандык коом жана биз сыймыктанган эркин басма сөзүбүз ушул процесстин ар дайым маанилүү бөлүгү болуп келген. Кыргызстандын чыныгы сөз эркиндигине, жыйындарды өткөрүү эркиндигине жетишкендигин, саясатка катышуу укугу жана мүмкүнчүлүгү камсыздалгандыгын эч ким тана албайт. Кыргыз Республикасынын эли жеңип алган бул ыйык укуктар жана эркиндиктер улуттук сыймыктын предмети болуп саналат, — деди ал.
Ушул Конституциянын жаңы долбоорун ачык, жалпы улуттук жана кеңири талкуулоо, жарандык коомдун катышуусу менен өткөн жылдын ноябрь айынан бери өттү. Ошондуктан «баардык кызыкдар тараптардын катышуусунда» талкуулар болбогондуктан, венециялык эксперттердин сын-пикирлери адилетсиз.
Ал кошумчалагандай, Кыргызстан демократияны куруу жолунан адашпай, өз мамлекетин бекемдөө жолу менен баратат.
«Бул процесс узак жана татаал, көп учурда үмүттөрүбүздү көңүл калуулар өчүрүп кетти — бул жолдо биз көптөгөн сыноолорду баштан кечирдик. Биз демократиянын идеяларына, ЕККУнун негизги документтеринде камтылган бардык негизги принциптерге жана идеалдарга берилгендик менен мамиле кылдык жана кыла беребиз. Ошондуктан эл аралык коомчулукка, досторубузга, өнөктөштөрүбүзгө республиканын элинин туура жолун издөөдөгү аракетин урматтоого жана чыныгы демократияны орнотууга болгон умтулуубузду колдоого, түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз. Биз бардык өнөктөштөр менен конструктивдүү кызматташууга даярбыз”, — деп сөзүн аяктады Бакыт Жусупов.
11-мартта Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.
94 депутат «макул» деген добушун берди, 6 каршы болду. Жалпы 100 депутат катталды. Журналисттер добуш берүү учурунда ЖКда чындыгында канча депутат отургандыгын санап чыгышкан. Залда 83 адам болгон.
Буга чейин Европа кеңешинин Венеция комиссиясы жана Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ / ДИАУБ) Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросу Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын долбоору боюнча биргелешкен корутундусун жарыялаган. Алар сунушталган вариантты сынга алышып, жаңы Баш мыйзамдын долбоорунун жоболору бийлик бутактарынын тең салмактуулугуна коркунуч келтирүүдө дешкен. Алар айрым нормалар демократия жана мыйзамдуулук үчүн маанилүү болгон жеке эркиндиктердин корголушуна дагы коркунуч туудурат деген пикирин билдиришкен.



